«Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынан депутат Элмурза Сатыбалдиев Минскиде мурдагы президент Курманбек Бакиев менен жолукканын “Азаттыкка” тастыктаган.
“Мен да ушул делегациянын катарында бардым, бирок өз каалоом менен Курманбек Салиевичке жолуктум. Өзүмдүн демилгем менен, делегациядан, сапардан тышкары. Минск шаарында. Себеби, мен ал киши менен иштегем кол астында, аны баары билет. Жакында, билесиңер, келинчеги кайтып кетти, ошого жолугуп, көңүл айтып коёюн деп өзүм демилге көтөрүп, жолуктум”, — дет депутат.
Буга чейин ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев мурунку президент Курманбек Бакиев менен жолукканы тууралуу маалыматтар тараган. Ал эми ЖКнын маалымат кызматы бул тууралуу маалыматты четке каккан.