Жогорку Кеңеште депутат Элмурза Сатыбалдиев мэр Эмилбек Адыкадыровдун президент Садыр Жапаров менен жеке мамилеси бар экенин айтып, шаардагы маселелерди чече албаганы үчүн өз эрки менен кызматтан кетүүгө даярсызбы? деген суроо салды.
Ал эми Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров өз арызы менен кызматтан кетпей турганын билдирди.
“Бишкек шаарынын мэри болуп иштеп атканыма тогуз ай болуп калды. Менде андай ой жок. Алдыда пландарымды ишке ашырайын деген оюм бар. Мэрлер жок дегенде 3-5 жыл иштеши керек”, — деди Абдыкадыров.