Бишкек.07.03.2019.Govori.TV.
Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова Кыргызстандагы мамлекеттик бийлик органдарында — аткаруу бийлигинде аялдардын тартылбай жатканына капа экенин, ушундай туура эмес гендердик саясаттан улам мамлекет артка кетип, карызы көбөйүп жатканын парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
Ал өз сөзүндө Кыргызстандагы калктын 60 пайыздан ашыгын аялдар түзөрүн, базарлардагы соодагерлердин 90 пайызы аялдар экенин, алар банктан насыя алып бир гана өзүнүн жанын бакпастан, мамлекеттин экономикасынын бир учун тартып жатканын айтты.
«Кризис болуп, тышкы карыз көп деп жатышат. Азыр өлкө аялдардын колдоосуна муктаждыр. Эмне үчүн экономика өспөстөн токтоп калды? Карыз көбөйүп кетти. Кыйынчылыкка чыдаган аялдар аткаруу бийлигинде жок калды. Ошондуктан биз ушундай абалга келип калдык. Сөзүм куру болбосу үчүн мисал келтирейин, Кыргызстандын жети облусу болсо ошонун биринде да аял жетекчи жок. Кырк район болсо бир да аял аким жок. 35 шаар болсо бир да аял мэр жок, 453 айыл өкмөтү болсо бир да аял жетекчи жок. Аял заты кызматты сиздерден талашкан жок, бийликти силерге берип коюп өлкөнүн абалы кандай болупжатат?» — деп суроо салды депутат.
Орозова ошондой эле гендердик тең салмактуулуктун сакталышы боюнча өкмөттүн маалыматын укканын, өкмөттүн аял затына айткан сөзү аябай капа кылганын белгиледи. Себеби өкмөт «аялдардын саясий билим деңгээли төмөндүгүнөн кызматка албай жатканын» айткан.
«Ошол эле кезде Мамлекеттик кадр кызматы конкурска катышып өткөндөрдүн 80 пайызын аялдар түзөт деп жатат. Конкурс менен келгенде аялдар билимдүү, саясий кызматка келгенде алардын билими төмөн деген бул өтө орой мамиле», — деди депутат.
Орозова ошондой эле аялдарды мамлекеттик кызматка тартуу керектигин жана анын жол-жобосун да иштеп чыгуу зарылдыгын кошумчалады.