• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Депутат Шаирбек Ташиев агасынын кызматтан алынышы боюнча комментарий берди

16 Бирдин айы 202615:49 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев ага каршы козголгон кылмыш иши жок экенин айтып, камакка алынганы тууралуу маалыматтарды четке какты. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” берген интервьюсунда айткан.

“Мен жолуктум (ред: Камчыбек Ташиев менен). Бир тууган болгондон кийин чогуубуз. Ага-ини катары жакшы мамиледебиз. Ата-энебиз дүйнөдөн өткөндөн кийин Ташиевдердин үй-бүлөсүнүн атасы да, апасы да ушул киши болуп калган. Дарыланып келгенден кийин ден соолугу бир аз жакшы. Ден соолугун чыңдаганга дагы убакыт керек. Ал эми президенттин кабыл алган чечимдери боюнча эми бардык кызматкерлер, жарандар президенттин чечимин аткарыш керек. Ал президенттин чечими. Бул мыйзамдуу көрүнүш. Биз аны туура же туура эмес деп талдагандан алыспыз. Бул чечим биздин үй-бүлөдө эч кандай деле резонанс болгон жок”, — деди ал.

Количество просмотров: 158