• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Депутат Шайназаров БШКнын мүчөсү болуп шайланды

3 Аяк оона 2020 13:02 Бишкек Govori.TV

ЖКнын жыйынында депутат Тынчтыкбек Шайназаров Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө шайланды.

Белгилей кетек, БШК мүчөсү Назарали Арипов буга чейин өз ыктыяры менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Тынчтыкбек Шайназаров чоң ишеним көрсөткөнү үчүн кесиптештерине ыраазычылык билдирүү менен, жакында өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтото турганын билдирди.

Количество просмотров: 91