• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Депутат Шайназаровдун талапкерлиги БШКнын мүчөлүгүнө көрсөтүлдү

1 Аяк оона 202012:08 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын депутаты Тынчтыкбек Шайназаровдун талапкерлиги Борбордук шайлоо комиссиясынын  мүчөлүгүнө көрсөтүлдү.

Маалымат боюнча, Тынчтыкбек Шайназаровдун талапкерлигин парламенттеги коалициялык көпчүлүк көрсөттү жана ал Жогорку Кеңештин 3-сентябрдагы жыйынында каралат.

Ал БШКнын мурдагы мүчөсү Назарали Ариповдун ордуна барганы жатат. Арипов парламенттик шайлоого талапкер болуп катталгандыктан, Боршайкомдогу мүчөлүк ыйгарым укуктарын токтоткон.

Количество просмотров: 475