• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Депутат Шыкмаматовдун ишин шаардык сот карап баштады

23 Үчтүн айы 2018 12:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.01.2018. Govori.TV.

Бүгүн, 23-январда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун иши каралып баштады.

Адвокат Чынара Жакупбекова бир нече күбөлөрдү чакыруу жана иш процессти ачык өткөрүү үчүн видео, сүрөт жана аудио жазууларга уруксат берүүнү өтүндү. Адис Момуналиев төрагалык кылган соттук коллегия өтүнүчтү толук канааттандырган жок. Тактап айтканда видео тартууга тыюу салды. Ал эми күбөлөрдү кийинки отурумга чакырууга уруксат берилди.

Эсиңиздерде болсо, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовго Биринчи Май райондук соту тарабынан 5 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирген. Бирок, Шыкмаматов чыгарган өкүмүнө каршы экенин билдирип, Бишкек шаардык сотуна арыз берген. Аны менен бирге эле Башкы прокуратура да депутатка коюлган айыптын көлөмү аз экендигин билдирип шаардык сотко кайрылган.

Количество просмотров: 19