• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Депутат: Соттор кымбат унааларды кайсы акчага алат?

8 Бирдин айы 2023 14:26 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-февралда парламент жыйынында Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди.

Анда Жеңишбек Токторбаев соттор кымбат баадагы унааларды кайсы акчага алып жатканына кызыкты.

«Замирбек Курамаевич, бюджетти карайлы акча жок дейсиз. Жогорку соттун алдына барсаң жалаң кымбат баадагы унаалар токтоп турат. Судьяларда акча жок дейсиз, алар анда асмандан алып жатышабы?»,-деди эл өкүлү.

Ал эми Жогорку соттун төрагасы депутаттын суроосуна төмөндөгүлөрдү айтты.

«Анан эмне кыл дейсиз? Өзү сиз абдан туура айтып жатасыз. Мен да көрөм ошондой бай сотторду. Анан кээде тамашалап «силердин самолёт, тик учагыңар дагы барбы?» деп сурайм. Өзүңүздөр көргөндөй акыркы күндөрү көптөгөн судьялар жумуштан кетишти, кээ бирлери кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатышат. Негизи кыргыз элинин байыганы, соттор да, карапайым адамдар да, депутаттар дагы байыса аябай сонун болот. Ошондо элибиз байып жатыптыр, демек, мамлекетибиз дагы бай деп айтат элек. Эми ыплас иштери менен байыганы болсо башка», — деди Жогорку Соттун төрагасы.»,-деди ал.

Количество просмотров: 646