Бүгүн, 1-октябрда Жогорку Кенештин депутаттары Советбек Рустамбек уулу жана Айбек Маткеримов Ош облусунун Ноокат районунда 1-октябрь –Эл аралык карылар күнүнө карата уюштурулган иш чарага катышты.


Депутат Советбек Рустамбек уулу иш-чаранын алкагында аймактагы 600гө жакын ардагерлерди куттуктап, аларга сый көрсөттү.


Эл өкүлү карыларды унутта калтырбай, жакындан кабар алып, көңүл буруу максатында майрамдык иш-чара уюштурулганын белгиледи. Элдин көйгөйү менен жакындан тааныш, айылда сөзү өтүмдүү ак элечек апалардын, ак калпактуу аталардын маселелерди чечүүдө ролу чоң экенин кошумчалады.
“Кыргыз эли байыртадан эле акылман карыларын кадырлап, аксаамай энелерин ардактап келген. Алардын алысты көрө билген акыл-насаатын, кеп-кеңешин угуп, тагдыр чечер туура чечимдер кабыл алынган. Биз аларга миң мертебе таазим кылабыз”,-деп белгилеген Советбек Рустамбек уулу башкы милдет кадырман карыларыбыздын узак жана бакубат жашоосу үчүн күч-аракет жумшоо маанилүүлүгүн кошумчалады.
Марамдык кеченин жүрүшү жүрүшүндө ар бир депутат тарабынан белектер ыйгарылды.




