• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Депутат Строкова “Одноклассникини” мактады

19 Кулжа 2020 14:53 Бишкек Govori.TV

“Фейсбук сыяктуу социалдык тармактар адамдарды кордоо, айыптоолорго толгон чуңкурга айланып калды. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова бүгүн, 19-июнда “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбоору талкууланган учурунда билдирди.

Анын айтымында, “Одноклассники” жакшы социалдык тармак.

«Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялаганын жокко чыгарган билдирүүсү тууралуу маалымат тарады. Мен бул уюм аркылуу маалымат фейк экенин аныктадым. Азыр фейк аккаунттар менен жан баккандар бул мыйзам кабыл алынса, акча таба албай калабыз деп коркуп жатышса керек. Фейсбук жана башка социалдык тармактар кордоо, айыптоолорго толгон чуңкүрга айланып калды. Баса, “Одноклассники” жакшы социалдык тармак. Бул мыйзам долбоорун колдогондорго рахмат, — деди Евгения Строкова.

Количество просмотров: 141