Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров студенттердин окуусу кеч бүтүп жатканына нааразы пикирин айтып, Бишкек мэриясына тыгынды жоюунун башка жолун табууну сунуш кылды.
«Кечээ бир топ кесиптештерим студенттердин окуусу кеч башталган маселени көтөргөн эле. Бирок мени мэриянын «түнкү 10го чейин сабак болсо эмне болуптур, коомдук транспорт 11, 12ге чейин жүрүп жаткпайбы» деген жообун окуп таң калдым», — дейт депутат.