• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Депутат Сулайманов: Тандоо укугу партия лидеринен элге кайтты

29 Теке 2021 10:22 Бишкек Govori.TV

Тандоо укугу партия лидеринен элге кайтты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов Фейсбук баракчасына жазды.

«Буга чейинки үч төңкөрүш тең элдин шайлоо укугу колунан алынып, шайлоо жыйынтыктары бурмаланганы үчүн болгон. Бүгүн кыргыз саясий тарыхында абдан маанилүү окуя болду, шайлоо процессин туңгуюктан алып чыга турган системдүү өзгөртүү киргизилди. Мындан ары эл өкүлүн партия лидери эмес, эл өзү тандай турган преференциалдык шайлоо мыйзамын прогрессивдүү эл өкүлдөрүнүн өжөрлүгү жана бийликтин да эрктүү чечими менен, буюрса, өткөрүп алдык. 90 эл өкүлүнүн 54ү партиялык тизме менен келет, бирок эл өзү каалаган партияны гана тандабастан, ар бир партиянын 55 талапкерден турган тизмесинен өзү каалаган талапкерин тандап алат. Партиялар белгилүү лидерлердин эмес, идеянын тегерегинде бириккен күчтөрдөн туруп, лидердин монополиясы жок болуп, чыныгы партиялашуу ишке ашат. Парламентке өткөн ар бир эл өкүлү жалпы элдин колдоосуна ээ болуш үчүн жан талашып иштеп, элге көрүнүп, кийинкинин камын көрөт. Бул болсо парламенттин сапатын барган сайын жогорулатат. Эл бийликке шайлоо аркылуу таасир этерине ишеним кайтат, төңкөрүштөргө негиз калбайт. Бул абдан олуттуу өзгөртүүнүн жанында жаңы мыйзамга жараша 36 эл өкүлү бир мандаттуу округдардан шайланмай болду. Бир мандаттуу шайлоо канчалык замандын талабына жооп бербесе да, Жогорку Кеңеште бардык аймактардын өкүлү болуусу жагынан канааттандырарлык маселе. Жогоруда айтылган жагымдуу өзгөртүүлөрдүн жанында Жогорку Кеңешке өтүү босогосунун 3 пайыздан 5 пайызга жогорулашы, тилекке каршы, жагымсыз бир компромисс болгону менен, саясий күчтөрдүн консолидациясына да алып келет деген үмүттөмүн. Кыргыз саясий тарыхында эң начар, эң эрксиз чакырылыш аталганы менен бүгүнкү Парламенттин мүчөлөрүнө – кесиптештериме элдин тагдырын оңго бура турган, ушунчалык маанилүү чечим кабыл алып, мыйзамдагы сунушту колдоп бергендери үчүн терең ыраазычылык билдирем!Көрөсүздөр, тарых сөзсүз оң баасын берет», — деп жазган Сулайманов.

Эске салсак, 28-июлда парламент Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу президент Садыр Жапаров сунуштаган мыйзам долбоорун бүгүн экинчи жана үчүнчү окууда колдоду. Жыйынга документ өзгөртүү менен киргизилди. Ага ылайык, 36 депутат мажоритардык (бир мандаттуу), 54ү преференциалдык (партия жана анын ичиндеги талапкерди тандоо) система менен шайланат. Ал эми босого чек үчтөн беш пайызга көтөрүлгөн.

Количество просмотров: 153