• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Сулайманов кызматын тапшырды. Кыргызстандын Кытайдагы элчиси алмашты

27 Аяк оона 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КЫРГЫЗСТАНДЫН КЫТАЙДАГЫ ЭЛЧИСИ АЛМАШТЫ

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Мусаева Актилек Ишенгазыевна Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, буга чейин Канайым Бактыгулова Кыргызстандын Кытайдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулганы кабарланган.,

СУЛАЙМАНОВ КЫЗМАТТАН КЕТТИ

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов өз каалоосу менен кызматын тапшырганын билдирди. Ал бүгүн 27-сентябрда билдирүү жарыялап, жергиликтүү башкаруу системасы реформа болмоюнча өнүгүү жоктугуна көзү жеткенин, андыктан убакытты текке кетирбөөнү чечкенин айтты.

Сулайманов боюнча расмий жарлык азырынча жарыялана элек.

Бул кызматка ал быйыл 24-февралда дайындалган.

ЖАРАНДЫН УНААСЫ СУУДАН ТАБЫЛДЫ

Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Ак-Башат айылынын 60 жаштагы А.А. аттуу тургуну 24-сентябрда мал базарга кеткен бойдон дайынсыз болууда.

ӨКМдин маалымат кызматы билдиргендей, күн мурун, 26-сентябрда аталган жарандын «Ауди-80» үлгүсүндөгү унаасы Көк-Дөбө айылынан өткөн Чоң-Талас каналынан табылган.

Куткаруучулар унааны суудан алып чыгышкан, бирок ичинде айдоочусу жок болуп чыккан. Ага байланыштуу ӨКМдин куткаруучулар издөө иштерин башташты.

Количество просмотров: 87