• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сулаймановдун ордуна ким депутат болуп келет?

24 Бирдин айы 2022 21:33 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-февралда Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Садыр Жапаров кол койгон.

Ал эми «Альянс» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутат болгон Алтынбек Сулаймановдун бош калган мандатын Эмил Жамгырчиев алуусу мүмкүн. Ал алган добуштарынын саны боюнча Жанарбек Акаевден кийинки орунда турат.

Бирок, азырынча бул тууралуу расмий маалымат бериле элек.

Эске салсак, Эмил Жамгырчиев жоюлуп кеткен Финансы полициясында жетекчинин орун басары болуп иштеген.

Жамгырчиев 2020-жылы 50 миң доллар пара алууга айыпталып, кармалган. Ал мамлекетке 20 миллион сом төлөп, үй камагына чыккан.

2021-жылы 19-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту “Пара алуу” беренеси менен айыпталган Жамгырчиевге байланыштуу ишти карап, аны актаган.

Количество просмотров: 2462