• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Сулайманов: Муниципалдык пляждарды татыктуу тейлөө кыла алган адамга беребиз

4 Теке 2022 15:19 Бишкек Govori.TV

3-июлда Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов Президенттин “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” Жарлыгынын аткарылышын жана пляждардын абалын текшерди.

Сулайманов белгилегендей, муниципалдык пляждардын абалы начар.

“Биз буга чейин Президентибиздин Жарлыгына ылайык пляждарга жергиликтүү тургундар тоскоолдуксуз кирүүсү боюнча жана туристтерге ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жергиликтүү бийликке бир катар тапшырмаларды бергенбиз. Ар бир пляжга элдердин кирип-чыгуусу тоскоолдуксуз болуусу керек, жана бул боюнча маселе жок. Муниципалдык пляждардын абалы аябай начар абалда. Пляждар талашка түшүп калган, бир нече ээлери болуп кеткен. Бир айыл өкмөт келген сайын ижарага баир кишиге, экинчи айыл өкмөт келгенде ал башка кишиге ижарага бере берип, ортодо соттошуулар көп болгон. Азыр биз четинен калыбына келтиришибиз керек. Пляж колунан келген, татыктуу тейлөө кызмат кыла алган адамдын колуна беришибиз керек. Азыр тескерисинче пляж алган адам эч нерсе кылбайт, келип туруп эле зонт сатып, дүкөндөрдүн ордун сатып, базарлардын орун сатып эле акча кылып эч кандай өнүгүүгө бир тыйын да салбайт. 2 айлык кыска мөөнөттө бат акча кылып кетиштин гана жолун ойлогонго көнүп алышыптыр. Муниципалдык пляждар аябай чаржайыт болуп кетиптир, буларды жөнгө салуу керек”,-деди Сулайманов.

Количество просмотров: 206