• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Депутат Сурабалдиеваны ким коркутканы белгилүү болду

23 Бештин айы 2018 16:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.12.2018. Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева аны ким, эмне себептен коркутканын айтты. Эл өкүлүнүн ырасташынча, президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев аны “Росинбанк” жана “Кыял” мамлекеттик ишканасы тууралуу маселени көтөргөнү үчүн коркуткан болушу ыктымал.

Палатанын ичинде кесиптештер ортосунда бир кырдаал жаралып калды. Ошону такташып жатканда президенттин парламенттеги өкүлү эки кесиптешимдин көзүнчө үнүн бийик чыгарып, ачык эле коркутуп калды. Ал киши бир нече маселени көтөрбөөнү суранган. Мен болбой эле комитеттен да көтөргөм. Ал кишинин ачуусу келди окшойт. Биз комитеттен “Росинбанкка” тиешелүү маселени карап жатканда да ал адам аны көтөрбөй эле коюуну айткан. Ал боюнча туура эмес нерселер чыгып жатат. Биз аны прокуратурага текшерүүгө жөнөттүк. Улуттук банктын иштери жана “Кыял” мамлекеттик ишканасына тиешелүү деп ойлоп жатам. Биз эмнеге мындай реакция болуп жатканын түшүнбөй калдык. Кийин ойлосом ал бир нече жолу эскерткен. Бул маселе өлкө жетекчисине жетишин каалаган эмес.

Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Элвира Сурабалдиева буга чейин коррупцияга каршы күрөш жүргүзгөнүнө карата Ак үйдөгү чиновниктердин бири ачык коркутканын «Твиттердеги» баракчасына жазып чыккан.

Курманбек Дыйканбаев бул тамаша сөз болгонун, «курч маселелерди көтөрүүдө этият бол» деген мааниде айтылганын «Азаттыкка» билдирди.Сөздөн сөз чыгып, «Бир айдан кийин бирөөлөр бир нерсе айтса кимден көрөсүң?» деген мааниде эле айтылып калган. Коркутса антип коркутпайт да. Жаш депутат, өзү акыркы убактан абдан курч сүйлөп жатат, ошондуктан этият бол деген мааниде эле айтылган.

Дыйканбаев «Росинбанк» боюнча маселени көтөрүшүнө каршы эмес экенин да кошумчалады.

Берилген насыяларын төлөй албай калганына байланыштуу «Росинбанктын» күрөөдөгү 71,66 пайыз акциясы Улуттук банктын карамагына өткөнү октябрь айында расмий маалым болгон. Мекеме бул коммерциялык банкты башкарууну толук өзүнө алып, анын менежментин өзгөртүп, бизнес-стратегиясын даярдап жатканын билдирген.

Парламенттин жалпы жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Дастанбек Бекешев Кыргызстандын Улуттук банкынын коммерциялык банктарды алуу укугу жок экенин белгилеп, жараяндын ачык болушу керектигин талап кылган.

Количество просмотров: 24