• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Казинонун салыгын азайтууга ким кызыктар?

28 Жалган куран 2023 15:56 Бишкек Govori.TV

Экономика жана коммерция министрлиги кумарканалар үчүн салыктын көлөмүн азайтуу боюнча токтомдун долбоорун 24-мартта коомдук талкууга койду. Ага ылайык, бааларга төмөнкүдөй өзгөртүү сунушталды.

Кумарканадагы бир оюн столу (флот) үчүн:
Мурун Азыр
1 миллион сом 450 миң сом
1млн. 250миң сом 2024-жылдан баштап 600миң сом

Оюн автоматтары жана компьютердик симулятор залдарында бир оюн автоматы үчүн.

Мурун Азыр
10 миң сом 75 миң сом
100 миң сом 2024-жылдан тарта – 15 миң сом

Мунун себебин инвесторлорго ыңгайлуу шарт түзүү максатында киргизилип жаткандыгы менен түшүндүрдү.

«Жаңы башталышында инвесторлорду тартып келүү максатында салыкты азайтуу каралууда. Мындай өзгөрүү инвесторлорго ыңгайлуу шарт түзүү максатында жүрүп жатат. Ошондой эле өлкөдөгү жана дүйнөдөгү экономикалык кырдаалды эске алуу менен бүгүнкү күндүн талаптарына жооп берген салыктык өлчөм иштелип чыккан».

Кумарканалардын салыгын азайтуу тууралуу Бишкектин тургундары өздөрүнүн пикирин билдирди. Алардын көпчүлүгү бул кадамга каршы экенин билдиришти.

Экономика боюнча эксперт Азамат Аттокуров салыктын азайтылышына каршы. Анткени алардын тапкан пайдасы ансыз деле аз эмес.

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков кумаркана ачууда өкмөттүн демилгесин колдогон. Бирок, азыркы сунушун жактырбай турганын билдирди.

Ал эми Финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы учурда өлкөдө канча казино иш алып барып жатат? Канча салык түштү? Алар иштерин кандай алып барып жатат?, -деген суроолорубузга жооп бере алышкан жок.

Количество просмотров: 161