• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Кумса деген айып менен түрмөгө каматам. Ташкенттин мэри журналистерди коркутту

18 Жетинин айы 2019 10:00 Бишкек Govori.TV

16-ноябрда интернетке үнү Ташкенттин мэри Жахонгир Артыкхожоевдикине окшош адам журналисттерди кемсинтип, коркутуп жатканы жазылган аудиотасма жарыяланды.

Анда ал журналисттердин ишин сындап, аларды кумса деген айып менен түрмөгө каматам деп коркутуп жатканын угууга болот:

— Бир жума мурда журналисттер менин заводдорум жөнүндө жазып, монополист экенин билдиришкен. Бирок аларга 10 миң доллар берип койсоң кайра эле мактай башташат, принцип деген жок. Мен силерге көрсөтөм. Силерди кумса деп эле койсом болду. Таксиге кумса менен отургузуп, сүрөткө тартып койсом бүттү, кумса болуп каласыңар, — деген ал.

Бул аудиожазуу жергиликтүү социалдык түйүн колдонуучуларынын, журналисттердин жана блогерлердин арасында кызуу талкуу жаратты.

Азырынча Артыкхожаевдин өзүнөн же Ташкент акимчилигинин басма сөз кызматынан бул боюнча комментарий алууга мүмкүн боло элек.

Жергиликтүү журналисттердин айтымында, Артыкхожаев буга чейин да бир нече жолу аларга орой мамиле кылган.

Ал ортодо социалдык түйүн колдонуучулары Жахонгир Артыкхожаев кечирим сурап эле кутулуп кетиши мүмкүн экенин билдиришүүдө. Учурда интернетте Ташкенттин башчысын кызматтан алуу чакырыктары айтылууда.

Булак: centralasian.org

Количество просмотров: 49