• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Депутат Түлөбаев той-ашка кошумчаны алтын менен алып барууну сунуштады

3 Жалган куран 2022 12:27 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев «шарт болуп калса» той-ашка кошумчаны акчалай эмес алтын менен алып барууну сунуштады. Бул тууралуу ал өзунүн соиалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Баары бир той ашка кошумча кошобуз. Түрктөрдө ушундай салт бар, тойлорго кошумча алтын алып барышат. Мына бизде да ушундай шарт түзүлдү. Экономикага да пайда болот, казнага акча түшөт. 1 грамдан, 100 грамга чейин чөнтөккө жараша биз деле ушуга өтсөк болот эле. Баардык банктардан сатып алганга шарт түзүү керек. Алтын ар дайым баа», — деп жазат депутат.

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров дүйнөдөгү кырдаалга байланыштуу элге кайрылуу жасап, анда акчасы бар кыргызстандыктарды Улуттук банктан алтын сатып алууга чакырган. Өлкө башчы каражатты алтынга салуу абдан маанилүү экенин белгилейт.

«Ар бир валютанын куну качат. Биздин алтындын гана баасы өсөт. Ошол үчүн акчасы бар жарандарыбыз Улуттук банктан алтын сатып алыңыздар. 1 граммдан баштап, 13 килограммга чейинки алтын куймаларын каалаган көлөмдө сатып алсаңыздар болот, чек жок», — деген Жапаров.

Количество просмотров: 669