Орус-казак чек арасында буудай, өсүмдүк майы, кумшекер жүктөлгөн вагондор өтө албай турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев билдирди.
«Биз Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөбүз. Мага бүгүн эртең менен азык-түлүк коопсуздук багытында иш алып барган ишкерлер телефон аркылуу байланышты. Орусия менен Казакстан чек арасында буудай, май, кумшекер жүктөлгөн вагондор темир жолдо туруп калган. Тез арада бул маселени чечүү керек. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Москва шаарына барыптыр. Азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселе жаралышы мүмкүн»,- деди Төрөбаев.