• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Депутат Төрөкулов: Добуш берүү боюнча Акылбек Жапаровго ишеним кат бергем

11 Жалган куран 2021 11:12 Бишкек Govori.TV

Буга чейин УКМК тарабынан кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов бүгүн, 11-мартта парламенттин жыйынына катышып жатат.

Депутат журналисттерге анын ордуна башка эл өкүлү добуш бергени боюнча комментарий берген.

«Мен депутат Акылбек Жапаровго ишеним кат бергем. Ошонун негизинде менин ордума добуш берди. Абактын кызматкерлери аркылуу кагаз түрүндө ишеним кат бергем», — деп билдирген ал.

Эске салсак, 3-мартта референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоору парламентте талкууланып, 87 депутат колдоп, биринчи окуудан өткөн. Баарынан кызыгы, январь айында коррупцияга шектелип, абакта отурган депутат Дүйшөн Төрөкулов да аталган долбоорду колдоп добуш берген. Бул коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Количество просмотров: 137