• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутат Тагаев Индиядан келген студенттерден канча каражат түшө турганын ачык айтты

24 Бештин айы 2020 15:50 Бишкек Govori.TV

Пакистандан жана Индиядан келген 20 миң студенттен орто эсеп менен жылына 100 млн доллар түшөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрмамат Тагаев билдирди.

Тагаев Индиядан жана Пакистандан келген абитуриенттерди университеттерге өткөзүүдө ортомчулар акча алып жатканын айтып, ага карата тийиштүү органдар чара көрүшү керектигин белгиледи.

«Тогуз айдын ичинде окуу акысы эки миң доллар болсо, 3,5 млрд сом түшөт экен. Жатаканасына 630 млн сом, коомдук транспортко 270 млн сом, айта берсе өтө көп, ошондо жалпы 100 млн доллар түшөт экен. Бул түз инвестиция да», — деди Тагаев.

Ошондой эле ал Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизгенине, Билим берүү менен Тышкы иштер министрлиги реакция кылбай жатканын айтып нааразы болду.

Количество просмотров: 267