• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Депутат: Ташиев менен Жапаров суракка чакырылганбы?

8 Аяк оона 2021 17:40 Бишкек Govori.TV

Дастан Бекешев ИИМ саясатчы, активисттердин телефон чалууларын кайсы факт боюнча тыңшап жатканын жана кайсы фактынын алкагында кылмыш иши козголгонун ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаевден сурады.

Эркебек Аширхожаев тыңшоо 2020-жылдын 5-6-октябрындагы окуялар боюнча жүргүзүлгөнүн билдирди.

«Камчыбек Ташиев суракка чакырылдыбы?» деп сурады Бекешев.

Аширходжаев билбей турганын айтты.

«Чакырып көргүлөчү. Эртең эле жумуштан алынасыңар. Сиз муну жакшы билесиз. Садыр Жапаров суракка чакырылды беле? Мен анын суракка чакырылганын уккан жокмун. Бирок 6-октябрда эртең менен ал аянтта жүргөн да. Мен түшүнө албай жатам. Силер кылмыш ишин козгоп, басып алуу, төңкңрүш менен алектенбеген адамдарды тыңшап жатасыңар. Силер басып алууга айыптап жатасыңарбы? Анда Сооронбай Жээнбековду кайра ордуна коюш керекпи? Эмне менен алектенип жатканыңарды түшүнө албай жатам. Бул кылмыш иши эмнеге керек? Эмнени билгиңер келип жатат? Ак үйдү басып алгандардыбы? Анда бул жактагы камерадан кимдер кирип, талкалагандарды карашыңар керек болчу. Мен эч нерсе талкалаган эмесмин бул жакта. Эмненин негизинде кылмыш ишин козгодуңар? Бийликти басып алуу боюнчабы? Анда президент — мыйзамсыз», — дейт Бекешев.

Количество просмотров: 410