• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Депутат: Теңиз Бөлтүрүк өзүн хан сезип алды

16 Кулжа 2022 11:38 Бишкек Govori.TV

Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев билдирди. Анын айтымында, «Кумтөр голд компани» ишканасынын жетекчиси каражатты негизсиз чачып жатат.

«Теңиз Бөлтүрүк өзүн хан сезип алды. Теңиз мырза, мыйзам алдында баары бирдей. Эсиңизге келиңиз, азырынча убакыт бар. Сизге элдин акчасын ары-бери чачууга ким укук берди? Эгер ушундайында токтобосоңуз, түрмөгө отуруп каласыз. Жакында холдингди талкалап Батышка качып кетесиз. Шаарда кеңсенин бир чарчы метри 20 доллар. 5000 миң чарчы метрге айына 100 миң доллар төлөйт да. Салык, коммуналдык кызматтарын кошкондо 120 миң долларга чыгууда. Сомго которсок 10 миллион, жылына 120 миллион сом төлөп жатпайбы», — дейт Токторбаев.

Ошондой эле депутат 1,5 ай мурда Кумтөргө көчмө жыйын менен барганда көз айнек беришкенин айтып, аны президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Токторбаевге тапшырып, Теңиз Бөлтүрүккө жеткирип беришин өтүндү.

«Ата-Журт-Кыргызстан» фракциясынан депутат Жеңишбек Токторбаев парламенттин 15-июндагы жыйынында дагы Финансы министрлигинин алдындагы «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясынын жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүктүн Бишкектин борборунда кымбат баалуу офисте отурганын сындаган болчу.

Количество просмотров: 534