• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Депутат Темирбаева: Чек ара чырында дайыма эл жабыркайт

16 Аяк оона 2022 17:53 Бишкек Govori.TV

Чек ара чырында дайыма эл жабыркайт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева билдирди.

Анын айтымында, кыргыз тарап чек ара маселесин сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечүүнү колдоп келет.

«Эч качан кыргыз өлкөсү тарабынан алдын ала кол салуу, агрессиялык кыймыл-аракеттер болгон жок. Чек араны дипломатиялык жол менен чечсек деген көз карашыбыз коомчулукка дагы белгилүү. Дагы деле ошондой үмүттө турабыз. Жогорку Кеңеш дагы коңшу Тажикстандын парламентине кат жолдоо жагын талкууладык. Тынч жаткан элди козгогон чындыгында туура эмес. Эми гана тынчып, мындан ары болбойт дегенден көп өтпөй кайра кайталанып отурат. «Кошунаң жакшы болсун» деген сөз бекеринен айтылбаптыр. Элге сабыр, тынчтык каалайм!»,-деди депутат.

Количество просмотров: 98