• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Депутат: Тили заар, дили таттуу Олжобай Шакир деген бүгүн камакта отурат…

21 Аяк оона 2023 11:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-сентябрдагы парламент жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо акын, жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин камакка алынышы боюнча маселе көтөрдү.

«Жазуучу, акын, публицист, калеми курч, тили заар, дили таттуу Олжобай Шакир деген бүгүн камакта отурат. Интеллигенциянын бүтүн өкүлдөрү бийликке кайрылып жатат. Ушуну карап берип койсоңуздар. «Баш кесмек бар, тил кесмек жок» дейт кыргызда. Илгери Токтогул акын Сибирге айдалып кетип, келгенден кийин деле Токтогул аты өчкөн жок. Олжобай акын да бүгүн камакта болсо, эртең чыккандан кийин да Олжобай аты өчпөйт окшойт, өчүрө албайбыз. Ал да абакта отуруп, күнүгө аңгемелерин, ырларын жазып, 

«Телмирип сыртты карайм,

Темир тор туш-туш бекем.

Жатам да күнүм санайм:

Үйүмө качан кетем?» — деп кайрылып жатат. Мүмкүн болсо, ушуну Президентибизге айтып, көңүл буруп койсоңуздар», — деди Мирлан Самыйкожо.

Эске салсак, Олжобай Шакир 23-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине суракка чакырылып, дээрлик сегиз саатка созулган сурактан кийин 48 саатка камалган. Ага  “массалык башаламандык уюштуруу”, “бийликти басып алуу аракети” беренелери боюнча айып коюлуп жатат. Биринчи май райондук соту 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Количество просмотров: 201