Белгилүү публицист, акын жана жазуучу Олжобай Шакир абактан чыккандан кийин чыгармачылыкка батыл киришип, өзүнүн РухЭш сайтын жанданта баштады. Ал «Эс-акылдын экмети» аттуу жаңы пьеса жазып, сайтка койгонун социалдык тармактарда маалымдады.
Жазуучу Олжобай Шакир 2023-жылы 23-августта кармалып, ага КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (массалык башаламандыктар) боюнча айып коюлуп, тергөө абагында жаткан. Ал өзүнө коюлган айыпты мойнуна алган эмес.
Олжобай Шакирди Аламүдүн райондук соту беш жылга эркинен ажыратып, андан кийин Чүй облустук соту бул чечимди бекемдеген. Анын жактоочулары Жогорку сотко кассациялык арыз жазышкан.
Ушул жылдын 8-октябрында Жогорку сот аны коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, калган үч жылдык мөөнөтүн пробацияда өтөп, бирок эркиндикке чыксын деп чечим чыгарган.
Ошондон кийин ал чыгармачылыкка жигердүү киришкенин билдирди.