Бүгүн, 8-октябрда журналист, жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин соту Жогорку сотто каралды. Соттук коллегия Олжобай Шакирге 3 жылдык пробация калтырып, бирок абактан бошотту.
Эске салсак, Олжобай Шакирди беш жылга абакка кесүү боюнча Аламүдүн райондук сотунун жана аны күчүндө калтырган Чүй облустук сотунун чечимине каршы 5-августта Жогорку сотко апелляциялык арыз берилген.
14-майда Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту Олжобай Шакирди беш жылга эркинен ажыраткан. Чүй облустук соту 15-июлда өкүмдү күчүндө калтырган.
Олжобай Шакирге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандыктар) менен иш козголуп, 2023-жылдын 23-августунда кармалган.
Прокурор сотто Олжобай Шакир интернетте адамдарды “жапырт башаламандыкка чакырган постторду бай-байма жарыялап келгенин” айтып, “булардын тизгинин кагыш керек” деген сөзү азыркы “бийликтин кадыр-баркына шек келтирген, коомдук коопсуздукка карата оор кылмыш жасаган” деп билдирген.
Олжобай Шакир өзүнө коюлган айып менен макул болгон эмес. Ал камалганга чейин президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевди дебатка чакырган. 2023-жылдын 31-августунда онлайн митинг өткөрүү боюнча демилге көтөргөн.
Жазуучу анын мындай аракети башаламандык уюштурууну билдирбей тургандыгын айтып келет.