Жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин адвокаттары Жогорку Сотко аппеляциялык арыз менен кайрылышты.
Буга чейин Аламүдүн райондук соту аны Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) беренеси менен айып коюп, беш жылга эркинен ажыраткан. Райондук соттун бул чечимин Чүй облустук соту күчүндө калтырган.
Эске сала кетсек, Олжобай Шакир 2023-жылдын август айында кармалып, ошондон бери камакта.