• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Депутат ТИМди FFE уюмунун билдирүүсүнө жооп берүүгө чакырды

29 Үчтүн айы 202512:07 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-январда ЖКнын жалпы жыйынында депутаты Сүйүн Өмүрзаков Freedom For Eurasia (FFE) эл аралык уюмунун Кыргызстандын өкүлдөрүнүн Беларустагы шайлоого байкоочу катары катышканын сынга алган билдирүүсүнө Тышкы иштер министрлигин (ТИМ) жооп берүүгө чакырды.

«26-январда Беларуста президенттик шайлоо өттү. Ага Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси жана Жогорку Кеңештин депутаттары байкоочу катары катышты. Бул боюнча Австриянын «Евразия үчүн эркиндик» уюму жазып жатат «демократиялык принциптер жана эл аралык нормалар эске алынган жок» деп эсептөөдө. Ошентип алар биздин эл аралык мамилелерибизге өз алдынча баа коюп жатышат», — деди Өмүрзаков.

27-январда баш кеңсеси Австриянын борбору Венада жайгашкан Freedom For Eurasia (FFE) эл аралык уюму Беларуста 26-январда өткөн президенттик шайлоого ага байкоочу катары катышкан Кыргызстандын расмий кызмат адамдарын айыптаган билдирүү тараткан.

Количество просмотров: 230