Баш кеңсеси Австриянын борбору Венада жайгашкан Freedom For Eurasia (FFE) эл аралык уюму Беларуста 26-январда өткөн президенттик шайлоону “кожо көрсүн процесс” деп атап, ага байкоочу катары катышкан Кыргызстандын расмий кызмат адамдарын айыптаган билдирүү таратты.
КМШнын жана ШКУнун байкоочулар миссияларынын курамында Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова, мүчөлөрү Абыжапар Бекматов, Мейкинбек Абдалиев жана БШК аппаратынын кызматкерлери Беларуста өткөн шайлоого байкоо салганы барышкан. Мындан сырткары Жогорку Кеңештин депутаттары Улукбек Ормонов, Алишер Эрбаев, Элмурза Сатыбалдиев жана башкалар да Минскиде болушту.
“Кыргызстандын өкүлдөрүнүн катышуусу адилеттүүлүк же демократиялык принциптерден кур-жалак калган шайлоо процессине болбогон жерден легитимдүүлүк түзүп берүүдө. […] Алардын катышуусу чыныгы атаандаштык жок, оппозициялык добуштарды жапырт коркутуу жана негизги укуктарды басмырлоо менен өткөн жараянды актоо катары кызмат кылууда. Freedom For Eurasia Кыргызстандын аталган кызмат адамдарынын Беларустагы шайлоого катышуусун демократиялык принциптерге жана эл аралык нормаларга кайдыгерлик деп эсептейт. […] FFE демократиялык өлкөлөрдү Кыргызстандын аталган кызмат адамдарына санкцияларды салууга чакырат”, – деп айтылат эл аралык уюмдун билдирүүсүндө.
Freedom For Eurasia уюму өз маалыматында “мындай аракет алардын авторитардык режимди колдогону үчүн жаза чара болуп калат” жана “эл аралык коомчулук демократияга жатпаган шайлоолорду колдоонун арты олуттуу кесепеттерди алып келерин билдириши керек” деп кошумчалаган.
Булак: Азаттык.