• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

ИИМдин биринчи орун басары Өмүрзаков Баткенге барды

29 Чын куран 2021 21:14 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча Баткен облустук ички иштер бөлүмүнүн жана ИИМдин Ички аскерлеринин аскер бөлүгүнүн өздүк курамын координациялоо үчүн Баткен облусуна барды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, жеринде Баткен облусук ички иштер бөлүмүнүн начальниги, ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы, андан сырткары облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы, ички аскерлердин курамы жана башка күч түзүмдөрү менен биргеликте коомдук тартипти күчөтүлгөн режимде камсыздап жатышат.

«Жарандарды коопсуз жайларга жеткирүү иштери жүрүүдө. Кырдаал дале курч бойдон, ИИМ кызматкерлери көзөмөлдөп турат»,-деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкерлери тарабынан блок-посттор коюлуп, чек арага чектеш райондордогу жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.

Количество просмотров: 84