Бишкек.06.05.2019.Govori.TV.
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев («Ата Мекен») социалдык түйүндөрдө талкуу жараткан сүрөтүнө байланыштуу суроолорго жооп берди.
«Мен үйдө ушундай байпактарды кием. Менимче бул жерде эч кандай жаман нерсе жок. Ар түрдүү байпактарды кийгенди жактырам. Ал эми балдарым жумушка даярданууга жардам беришет», — деди ал.
Эске салсак, интернетте жарыяланган сүрөттө депутат үйдүн кире беришинде Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик желегинин сүрөтү бар байпак кийип отурат. Ал эми жанындагы 2 кызы ага бут кийиминин боосун байлоого жардамдашып жатышат.