• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Депутат Тотонов: Бишкек шаар эмес эле ат сарай болуп калды

27 Теке 2021 13:06 Бишкек Govori.TV

Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Тотонов Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

“Кыргызстанда көзгө басар жалгыз Бишкек шаарыбыз бар. Анын да кебетесин көрүп атабыз, ат сарай эле болуп калды. Борбордун ичине баса албайсың, тротуар, аялдамалардын кебетеси кеткен, маршруткаларды айтпай эле коёлу. Алыс барып, Европаны кыялданбай эле Алматыны ээрчий турган жөнүбүз бар. Шаардын кебетеси өлдү, айыл эле болуп калды. Сыймыктанып баса албайсың. Мэр же вице-мэр конкреттүү бир система менен иштеп жатканын көрбөйсүң. Жол киренин баасын айта берип тажап бүтүштү. Жыл сайын эле бир сомдон кошуп тургула, эл да кыйналбайт. Бензиндин баасы бизден беш эсе арзан Алматыда жол кире салыштырмалуу кымбат. Анан эле экономиканы ойлобой популизм менен “эл көтөрө албайт” деп кыйкырып чыгышат. Системалуу реформага бара турган убакыт келди. Шаарыбыз аткана, иткана болуп кетти, көчөнүн баарын ит каптады. Аны кармайын десең “итти атканча мени ат” деп чыгат. Борбордук көчөлөрдүн ичи таштандыга толду. Айыл өкмөттү мэр кылып алып отурабыз”, — деди депутат.

Количество просмотров: 1532