• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутат Турсунбаевдин мандатын тапшырууну талап кылган демилге көтөрүлдү

5 Жетинин айы 2019 14:36 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаевдин токтоосуз мандатын тапшырышын талап кылган флешмоб уюштуруу демилгеси көтөрүлдү. Бул тууралуу жарандык активист Мелис Аспеков фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

«Кыргызстан» фракциясынын депутаты Азизбек Турсунбаев журналист кызды, итти айдагандай «Иди отсюда» деп кубалаптыр. Токтоосуз мандатын тапшырышын талап кылалы. Болбосо «Кыргызстан» партиясына шайлоодо чогу байкот кылалы,-деп жазган Аспеков.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев Kloop.kg агенттигинин журналистин кагып, суроосуна жооп бербей басып кеткен видео социалдык түйүндөргө жарыяланган. Анда “Ататүрк” паркындагы жер тилкесин кандай негизде алганы тууралуу суроо берген журналистке жооп кылып, эл өкүлү “бул жактан кетип калчы” деп орой мамиле жасаган.

Количество просмотров: 844