• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Депутат Урмат Саамаев Токмок шаар мэрлигинен баш тартты

15 Жалган куран 2018 8:20 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 15. 01. 2018. Govori.TV
Токмок шаарынын мэрлик кызматы үчүн  17-мартта шайлоо өтөт. Кечээ, Govori.TV  бул орунга Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” партиясынын депутаты Урматбек Саамаев, КРнын каржы министрлигинин кызматкери Данияр Амангелдиев жана Токмок шаарынын мурдагы вице-мэри Нурлан Келдибековдор талапкерлигин коюп жатышканын жазган эле. Аңгыча депутат Урмат Саамаев талапкерлигин өз эрки менен алып койгонун  бизге өзү тастыктады.
“Сүйлөшүүлөрдөн кийин талапкерлигимди шаардык мурдагы вице-мэри Нурлан Келдибековдун пайдасы үчүн алып салдым. Мага ишеним көрсөтүп, мэрликкке сүрөгөн шаар тургундары менен шаар кеңешинин депутаттарына терең ыраазычылык билдирем. Буюрса, шаарга биз колдогон талапкер мэр болуп, мыкты иштеп берет деген ишеничибиз бар”,-деди ал.
Эске сала кетсек, калган эки талапкер тең КСДП партиясынын мүчөлөрү. Бирок, шаардагы партиянын мүчөлөрүнүнү ортосунда “эски” жана “жаңы” деген ажырым бар экендиги айтылып жүрөт.
Количество просмотров: 29