Бүгүн, 28-сентябрда Бишкек шаардык кеңештин жыйынында депутат Казыбек Эргешов вице-мэр Азат Узаковдун жоопкерчилигин кароону сунуш кылды.
Депутат билдиргендей, Узаков «Ынтымак» фракциясынын эл менен жолугушуу жыйынына келбей жатат.
«Вице-мэр «Ынтымак» фракциясынын жыйындары менен жолугушууларына көңүл бурбай жатат. Бул депутаттарды жана жашоочуларды сыйлабаганы. Анын кызматтык жоопкерчилигин мэр карашы керек», — деди депутат.