• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Депутат Жамалдинов мылтыгын сандыкка салып катып жүргөндүгү үчүн жоопкерчиликке тартылат

8 Үчтүн айы 2018 13:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 08.01.18 Govori.TV

Жогорку Кеңештин «Өнүгүү -Прогресс» фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов ок атуучу куралын сейфке эмес, сандыкка сактап жургөндүгү үчүн административдик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу Ош облусттук ИИМ башкармалыгы билдирет.

«Депутат ок атуучу куралды туура эмес сактагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн», — деп билдирет башкармалыктан.

Өз кезегинде Зиядин Жамалдинов Govori TV сайтына билдиргендей, мылтык Бишкек шаарындагы үйүндө талапка ылайык эле сейфте сакталып турган.

«Мен айылга бир барганда, аңчылык кылуу максатында мылтыгымды ала баргам. Бирок ал жолу мүмкүнчүлүк болбой, куралды ары бери алп жүрө бербей айылдагы үйгө калтыргам. Ал жакта сейф жок да, андыктан жыгач сандыкка бекитип койгом», — дейт депутат.

Ал  административдик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн экендигин айтып,  мыйзам чегинде жооп берүүгө даяр экендигин билдирдген.

Эскерте кетсек, депутат Зиядин Жамалдиновдун Ноокаттагы үйүнөн аңчылыкка деп алынган  мылтыгын белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Бул факты боюнча Кылмыш Кодексинин 164 беренеси менен иш козголгон.

Количество просмотров: 6