• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Депутат Жамгырчиевдин кайда экени белгисиз болууда

12 Үчтүн айы 2024 14:27 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештеги «Альянс» фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиев кайда экени белгисиз болууда. Бул тууралуу фракция лидери Жанар Акаев билдиргенин «Азаттык» жазды.

«Телефону өчүк болуп, аны менен байланышууга эч мүмкүн болбой жатат. Туугандарына, досторуна да байланышка чыкпаптыр», — деп билдирген Акаев.

Эске салсак, 10-январда парламент депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Ага «чек арадан мыйзамсыз өткөн» деген айып коюлган.

Жамгырчиев буга чейин чек арадан мыйзамсыз өтпөгөнүн айткан.

9-январда комиссия жабык жыйынында Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Ал эми депутат Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын иш бөлмөсүнө кирип, Жогорку Кеңештин имаратынын 2-кабатындагы терезеден секирип түшүп качып кеткени маалымдалган.

Кийин соцтармакта «депутаттын качып кетип жаткан учуру» деген видео тараган.

Количество просмотров: 124