• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутат Жанар Акаев сурак берип чыкты

15 Аяк оона 2021 22:01 Бишкек Govori.TV

Депутат Жанар Акаев ИИМге сурак берип чыкты. 3-4 саатка созулган сурак берүүдөн чыккан Акаев төмөндөгүлөргө токтолду.

«Курсан Асановдун үнү делип интернетке жарыяланган видео боюнча кылмыш иши козголуптур. Ага кошумча маданий ишмерлердин президентке жазган арызынын негизинде сурак берип чыктым. ИИМ кызматкерлерине дооматым жок. Эч кандай басым болгон жок. Бийликти басып алуу боюнча бир дагы саясатчы менен сүйлөшпөгөнүмдү айттым. Кымындай да далил жок. “Бийликти басып алалы” деп чакырык жасаган эмесмин»,-деди ал.

Эске салсак, буга чейин Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов ИИМге суракка чакырылып, андан кийин убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Асановго Жазык кодексинин  309-беренеси («бийликти күч менен басып алуу») боюнча иш козголгон. Анын кармалуусуна интернетте тараган видео жана 4-5 маданият өкүлдөрүнүн президент Садыр Жапаровго болгон кайрылуусу себеп болгон.

Количество просмотров: 181