Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына суракка чакырылды.
Маалыматка ылайык, Акаев ИИМге бүгүн саат 17:30га чакырылган.
Буга чейин интернетте айрым саясатчылардын сүйлөшүүсү делген аудио тарап, анда Жанарбек Акаевдин аты аталган.
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев өзүнүн аты аталып жаткан аудио жөнүндө кайрылуу жасап, анда айтылгандарды карандай калп деп атаган. Акаев “Фейсбуктагы” баракчасындагы видео кайрылуусунда бийликти басып алууга эч ким менен сүйлөшпөгөнүн жана муну “курулай каралоо” деген.
Ал эми кечээ, 14-сентябрда Курсан Асанов ИИМге суракка чакырылып, андан кийин убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Асановго Жазык кодексинин 309-беренеси («бийликти күч менен басып алуу») боюнча иш козголгон.