• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Депутат Жапаровдун уулу саясатка аралашууга аракет кылып жатканын айтып, тынчсызданууда

7 Аяк оона 2021 15:37 Бишкек Govori.TV

Депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram каналында президент Садыр Жапаровдун уулу Рустам саясий платформа курууга аракет кылып жатканын жана Бишкектеги түрдүү кафелерде потенциалдуу талапкерлер менен жолугушууларды өткөрүп жатканын айтты.

Эл өкүлүнүн айтымында, бул тынчсызданууну жаратат.

«Шайлоого аттангандардар бири-бири менен кофелерде жолугуп сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатышат. Партиялар бир ай ичинде партиялык жана бир мандаттуу округдардан талапкерлердин тизмесин тактап алышы керек. Ушундай эле жолугушууларды президенттин баласы Рустам дагы өткөрүп жатат. Бирок ал атасынын иштеринин барын бузуп салышы мүмкүн. Бул нерсенин аягы кайгылуу бүтүшү мүмкүн. Анткени буга чейинки эки президенттин баласы ушул сыяктуу иштер менен алектенген учурларды көрдүк. Президент өзү муну үчүн аны урушат деп үмүттөнөм жана ал бардык каалоолорун токтотот. Мен ойлойм, алар үй-бүлөлүк кеңеште туура чечим чыгарышат, уулуна саясий платформа түзүүнүн кереги жок», — деп билдирген Бекешев.

Шайлоо 28-ноябрга дайындалган. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу округдарда мажоритардык система боюнча шайланат.

Количество просмотров: 196