Студенттик жатаканалар каралбай жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев билдирди.
«Университеттердин ректорлору, жатаканаларды оңдобойсуңарбы! Кебетелерин карасаң Советтер Союзунан калган. Студенттердин жашоосун көрсөңүз, ыйлагыңыз келет. Кичине акча бөлүп оңдоп койбойлубу. Студенттерге инвестиция кылбасак өзүбүздүн келечекти кайдан табабыз? Байкуштардын же стипендиясы жетпейт, же жатаканалары жакшы эмес, кудайдан жөө качкандай. Шарт түзүп берип коёлу да», — деди Түлөбаев.