• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Депутат «ЖЭБде авария кайталанбайбы» деп сарсанаа…

8 Тогуздун айы 202417:45 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-октябрдагы Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2024/2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча» Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалымат угулду.

Жыйында депутат Азизбек Турсунбаев Бишкек Жылуулук электр борборун реконструкциялоо иштери эмне үчүн кечигип жатканына кызыкты.

Борбор калаанын вице-мэри Талайбек Байгазиев үч от казандын экономайзерлери жарабай калгандыктан, ошондуктан созулуп жатат. Ал кошумчалагандай, бүгүнкү күндө 110-120 МВтка барабар болгон кубаттуулуктун запас бар.

«Былтыркыдай абалдар кайталанып калбайбы?» — деп белгиледи депутат.

«Жок, буюрса, кайталанбайт», — деп жооп берди вице-мэр.

Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү Бишкек ЖЭБинде авария болгон. Анда беш адам жаракат алган. Бардык мектептер жана бала бакчалар 2-февралдан 6-февралга чейин онлайн окутууга өткөн.

Количество просмотров: 159