• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Депутат Жээнбековду артыкчылыктан ажыратууну сунуштады

6 Бештин айы 2022 12:05 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети экс-президенттерди артыкчылыктардан ажыратуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Демилгенин автору депутат Жеңишбек Токторбаев эгер бул мыйзам кабыл алынса, артка иштебей турганын айтты. Мыйзам экс-президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаевага тиешелүү эмес.

Эл өкүлү Дастан Бекешев мурдагыларга дагы тиешелүү болушу керектигин белгилеп, төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Менимче, бул өтө туура эмес, Жээнбеков өзү 2019-жылы Атамбаевге каршы мыйзам чыгарып, VI чакырылыштын депутаттары колдошкон. Жашоо бумеранг деп коёт го. Эми аны өзү дагы көрсүн. Башка президенттерге да сабак болот. Эгер андай кылбасак Садыр Жапаровго тиешелүү болуп калабы? Бул мыйзамды милдеттүү түрдө артка иштей тургандай кылыш керек деп ойлойм. Жээнбеков октябрда кетип жатканда «экс-президент» статусун сактап калуу шартын койгон окшойт. Биз билбейбиз. Садыр Жапаров эч кимден милдеттеме албашы керек. Ал эл тарабынан шайланган, президенттин эч кимге карызы жок», — деди Бекешев.

Количество просмотров: 420