• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутат Жогорку соттун жаңы дайындалган судьясынын мүлктөрүнө кызыкты

20 Үчтүн айы 2021 15:46 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Жогорку соттун судьясы кызматына көрсөтүлүп жаткан Дамир Назаровдон мүлктөрү тууралуу сурады.

Назаров декларация толтуруп, кайсы мүлктөргө ээ экенин ошол жерде көрсөткөнүн билдирди. Өзүнүн айтымында, 2 бөлмөлүү батири, 17 сотых жери бар.

«Жубайымдын дагы мүлкү бар, ал дагы декларацияда көрсөтүлгөн», — деди ал.

«Декларацияда көрсөтүлгөндөн башка эч нерсе жокпу?», — деп сурады депутат Бекешев. Назаров жок экенин айтты.

«А сиз канча акча табасыз?», — деп тактады Бекешев. Назаров жылына 400-450 миң сом табарын айтты.

Дамир Назаров депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болуп, Жогорку соттун судьясы болуп шайланды. Анын талапкерлигин президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов сунуштаган. Назаров буга чейин Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы болчу.

Количество просмотров: 167