• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Депутат Жолдошбаев: Чындыкты чындыктай, калпты калптай айтыш керек

25 Кулжа 2020 15:10 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин жалпы жыйнында депутат Камчыбек Жолдошбаев сөз сүйлөп, сөз эркиндигин эч ким тыюу салган жок деген пикирин айтты.

«Чынын айтышыбыз керек да, мына бул жерде сөз эркингиди тууралуу сөз кылып жатышат, бирок ага эч ким тыюу салган жок. Калп айткан кишилерге фамилиясын жазбаса, бирөнү жел үстүнөн айтып, сасытып коюп олтурса… мына ошолор менен күрөшүш керек деп жатат. Андай болсо айтсын баланчаев баланча деп. Алар ачык жазпайт, мылжыйып анан сасый берсе биз аларды колдойбузбу? Аларга сөз эркиндиги болуп, анан эмне жөнөкөй элди шыбаш керекпи. Ар несени жазып, калп айтып жаткандар бар. Акча алып ар ким тууралуу ар нерсени жаза берүүнү кереги жок. Жассын бирок, ачык», — деди депутат.

Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңеш «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап ар кыл пикирлердин айтылуусу менен добуш берүүгө жонөтүлдү.

Парламенттин алдына бир катар активисттер мыйзам долбооруна каршылыгын билдирип, митингге чыгышты. «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбооруна бир катар эл аралык уюмдар, жергиликтүү укук коргоочу уюмдар жана жарандык активисттер каршы пикирин билдиришкен. Соцтармактарда «Гүлшат Асылбаева, мен мыйзамга каршымын, бирок мен фейк эмесмин» деген акция жүрүп жатат.

Количество просмотров: 539