Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев республикалык штабга 1 миллион сом бөлүп бере турган болду. Бул тууралуу ал парламенттеги жыйында билдирди.
«Депутаттар укмуштудай сөздөрдү айтып жатасыздар. Медицина кызматкерлерге оор болду. Ооругандарды дарылап жатат. Биз бул жакта кол алышкандан коркуп отурабыз. Кыргыз мамлекетинин ишкерлери колдон келген жардамды берсек. Мен бүгүн республикалык штабга 1 миллион сом которуп берем. Калгандары колдон келген жардамды бергиле», — дейт Жолдошбаев.