• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Депутат Жолдошбаев: Уу коргошунду Каныкей Манаска деле берген

28 Чын куран 2021 10:50 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди колдоону суранды. Бул тууралуу пикрин ал бүгүн, 28-апрелде жалпы жыйында сөз сүйлөп жатып айтты.

«Пандемия боюнча бир топ жакшы иштерди жасап, Түркия, Кытайга чейин барып келген. Ушуну депутаттар ортодон туруп алып эле интрига кылып жатат. Жакышы иштеп жаткан кишинги жөн коюш керек болуп жатат. Көрөлү, убакыт келсин. Уу коргошунду ичкиле деген жок ал. Бул илгертен келе жаткан, тактап айтканда Манастан келе жаткан элдик дарылануу, аны Каныкей Манаска деле берген, денеси чыңалсын деп. Айрым жерлерден кемчилик кетип жатат, бирок жалпысынан жакшы эле иштеп жатат. Урматтуу депутаттар ушул жагынан да карап көрөлү» — дейт ал.

Эске салсак, 26-апрелде Жогорку Кеңештин комитети саламаттык сактоо тармагындагы бир катар маселелерди карамак. Бирок министр Бейшеналиев жыйынга келбегенинен улам комитеттин отуруму кийинкиге жылдырылган.

Количество просмотров: 1062