• Жекшемби 28 Бирдин айы 2021

Депутат Жумалиев 4-апрелге чейин камакка алынды

6 февраля 2021 в 9:27 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев 4-апрелге чейин камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Соттун 4-февралдагы токтомуна ылайык, шектүү Кубанычбек Жумалиевдин бөгөт чарасы камакка алуу түрүндө тандалды. Ал УКМКнын тергөө изоляторунда 2021-жылдын 4-апрелине чейин болот.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан коррупцияга шектелип кармалган.

Количество просмотров: 140